Бул «ТОЛТ» ЖАКтын жеке маалыматтарынын купуялык саясаты (мындан ары – «Саясат») «ТОЛТ» ЖАКтын (мындан ары – «Компания») https://www.tolt.kg домендик аталышындагы веб-сайтында жайгашкан же аны менен байланышкан бардык маалыматтарга жана Компаниянын веб-сайтын пайдаланууда Колдонуучу жөнүндө алына турчу маалыматтарга карата колдонулат.
1-БӨЛҮМ. ТЕРМИНДЕР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР
Бул Саясатта төмөнкү терминдер колдонулат:
«Сайттын администрациясы» - Компаниянын атынан иш алып барган , жеке маалыматтарды уюштурган жана (же) аларды иштеткен ошондой эле жеке маалыматтарды иштетүүнүн максаттарын аныктоо, иштетилүүчү жеке маалыматтардын курамын, жеке маалыматтар менен аткарылуучу аракеттерди кылган (операцияларды) жана сайтты башкарууга ыйгарым укуктуу кызматкерлер.
«Жеке маалыматтар» - түздөн-түз же кыйыр түрдө конкреттүү же идентификациялануучу инсанга (жеке маалыматтардын субъектине) тиешелүү ар кандай маалымат.
«Жеке маалыматтарды иштетүү» - жеке маалыматтарды автоматташтыруу куралдарын колдонуу менен же мындай каражаттарды колдонбостон жеке маалыматтар менен, анын ичинде чогултууну, эсепке алууну, системалаштырууну, топтоону, сактоону, тактоону (жаңыртуу, өзгөртүү) жүзөгө ашырылуучу ар кандай аракет (операция) же аракеттердин (операциялардын жыйындысы), жеке маалыматтарды алуу, пайдалануу, өткөрүп берүү (тараттуу, берүү, мүмкүндүк алуу), менчиктештирүү, бөгөттөө, жок кылуу жана башка ыкмага карабай аткарылган операциялар топтому же ар кандай операция.
«Жеке маалыматтардын купуялуулугу» – оператордун же жеке маалыматтарга мүмкүнчүлүгү бар башка жактын жеке маалыматтардын субъектисинин макулдугусуз же башка мыйзамдык негиз болмоюнча аларды жайылтууга жол бербөө боюнча милдеттүү талабы.
«Сайттын колдонуучусу» (мындан ары - Колдонуучу) интернет аркылуу сайтка кирүү мүмкүнчүлүгү бар жана Компаниянын сайтын колдонгон адам.
«Cookies» - веб-сервер тарабынан жөнөтүлгөн жана Колдонуучунун компьютеринде сакталган, веб-кардар же веб-браузер тийиштүү сайтта баракты ачуу аракети жасалган сайын HTTP суроо-талабы менен веб-серверге жөнөтүүчү маалыматтардын кичинекей бөлүгү.
«IP-дареги» - бул IP протоколунун жардамы менен курулган компьютер тармагындагы түйүндүн уникалдуу тармак дареги.
2-БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
2.1. Компаниянын сайттын Колдонуучу тарабынан колдонуу бул Саясатты жана Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштетүү шарттарын кабыл алганын билдирет.
2.2. Ушул Саясаттын шарттары менен макул болбогон учурда, Колдонуучу Компаниянын сайтын колдонуусун токтотууга тийиш.
2.3. Бул Саясат Компаниянын сайтына гана тиешелүү. Колдонуучу Компаниянын веб-сайтында жеткиликтүү шилтемелер аркылуу кире ала турган үчүнчү тараптын сайттарын көзөмөлдөбөйт жана аларга жоопкерчилик тартпайт.
2.4. Сайттын администрациясы Компаниянын веб-сайтынын Колдонуучусу тарабынан берилген жеке маалыматтардын тууралыгын текшербейт, бирок сайттын Администрациясы Колдонуучу ишенимдүү жана жетиштүү жеке маалыматтарды берет жана аны актуалдарып турат деп эсептейт.
3-БӨЛҮМ. ЖӨНГӨ САЛУУ ПРЕДМЕТИ
3.1. Бул Саясат Компаниянын сайтына катталууда сайттын Администрациясынын талабы боюнча Колдонуучу берген жеке маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жана аны коргоо режимин камсыз кылуу боюнча Компаниянын сайтынын Администрациясынын милдеттерин белгилейт.
3.2. Ушул Саясаттын алкагында иштетүүгө уруксат берилген жеке маалыматтар Колдонуучу тарабынан Компаниянын сайтында каттоо формасын толтуруу аркылуу берилет. Колдонуучу өзүнүн атайын же биометрикалык эмес жеке маалыматтарын, анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен, төмөнкү маалыматтарды иштетүүгө макулдугун берет:
- колдонуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты;
- колдонуучунун байланыш телефон номери;
- электрондук почта дареги (электрондук почта);
- колдонуучунун маалыматтары (жайгашкан жери жөнүндө маалымат, операциялык системанын түрү жана версиясы, браузердин түрү жана версиясы, колдонулган аппараттынтүрү жана экрандын чечилиши, сайтка шилтеме булагы, операциялык система жана браузердин тили, кирген баракчалардын тизмеси жана аларда аткарылган аракеттер, IP дареги, cookies’ден маалымат);
- фирманын аталышы, кызматы, тармагы;
- реквизиттер.
3.3. Компания жарнамалык блокторду көрүү учурунда жана системанын статистикалык скрипти ("пиксел") орнотулган барактарга киргенде автоматтык түрдө берилүүчү маалыматтарды коргойт:
- IP дареги;
- cookies’ден маалымат;
- браузер жөнүндө маалымат (же жарнамага кире турган башка программа);
- доступ алуу убактысы;
- жарнама бирдиги жайгашкан баракчанынын дареги;
- реферер (мурунку баракчанынын дареги).
3.3.1. Cookies’ди өчүрүү Компаниянын сайтынын авторизацияны талап кылган бөлүктөрүнө кире албай калышына алып келиши мүмкүн.
4-БӨЛҮМ. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ЖЫЙНОО МАКСАТТАРЫ
4.1. Компаниянын веб-сайтынын Администрациясы Колдонуучунун жеке маалыматтарын төмөнкү максаттарда пайдалана алат:
- Компаниянын сайтында катталган Колдонуучунун идентификациялоодо;
- Колдонуучуга компаниянын сайтындагы маалыматка жетүүнү камсыз кылууда;
- Колдонуучу менен кайтарым байланыш түзүү, анын ичинде Компаниянын веб-сайтын колдонуу боюнча билдирүүлөрдү, суроо-талаптарды жөнөтүү, Колдонуучунун суроо-талаптарын жана тиркемелерин иштеп чыгууда;
-Коопсуздукту камсыз кылуу жана алдамчылыктын алдын алуу үчүн Колдонуучунун жайгашкан жерин аныктоодо;
-Колдонуучу тарабынан берилген жеке маалыматтардын тактыгын жана толуктугун ырастоодо;
- Өтүүчү иш-чаралар жөнүндө Сайттын Колдонуучусуна билдирүүдө;
- Компаниянын сайтын колдонууга байланыштуу көйгөйлөр келип чыкса, Колдонуучуга натыйжалуу кардар жана техникалык колдоо көрсөтүүдө;
- Колдонуучунун макулдугу менен жарнамалык иш-аракеттерди жүргүзүүдө;
- Жаңыртууларды жана кызматтарды алуу үчүн Колдонуучуга Компаниянын өнөктөштөрүнүн сайттарына же кызматтарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүдө;
-Колдонуучу жөнүндө топтолгон маалыматты анын маалыматтарын жекелештирбестен жарыялоодо.
5-БӨЛҮМ. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕТҮҮ ТАРТИБИ
5.1. Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштетүүсү мөөнөтсүз, кандайдыр бир мыйзамдуу жол менен, анын ичинде автоматташтырылган инструменттерди колдонуу менен же мындай куралдарды колдонбостон жеке маалыматтардын маалымат системаларында ишке ашырылат.
5.2. Колдонуучунун жеке маалыматтары Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негизде жана тартипте гана берилиши мүмкүн.
5.3. Жеке маалыматтар жоголгон же ачыкка чыккан учурда, Сайттын Администрациясы Колдонуучуга жеке маалыматтарды жоголгоднугу же ачыкка чыккандыгы жөнүндө маалымдайт.
5.4. Сайттын администрациясы Колдонуучунун жеке маалыматын уруксатсыз же кокустан кирүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле үчүнчү жактардын мыйзамсыз аракеттеринен коргоо үчүн зарыл уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт.
5.5. Сайттын администрациясы Колдонуучу менен бирдикте Колдонуучунун жеке маалыматтарын жоготуудан же ачыкка чыгаруудан келип чыккан жоготууларды же башка терс кесепеттерди болтурбоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.
5.6. Колдонуучу же анын мыйзамдуу өкүлү каалаган убакта сайттын жеке бөлүмүндөгү жеке маалыматтарды түзөтүү функциясын колдонуу менен же ушул Саясаттын 9-бөлүмүндө көрсөтүлгөн электрондук почта аркылуу тиешелүү суроо-талапты жөнөтүү аркылуу өзү же анын өкүлү тарабынан берилген жеке маалыматтарды өзгөртө алат (жаңыртуу, толуктоо).
5.7. Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун Колдонуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык себептерин көрсөтүү менен Сайттын Администрациясына арыз берүү менен кайра чакыртып алса болот. Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдукту кайтарып алуу Колдонуучуга ушул Саясаттын 9-бөлүмүндө көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине акысыз жазуу жүзүндө тиешелүү арызды жөнөтүү аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
6 БӨЛҮМ. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ
6.1. Колдонуучу милдеттүү:
- Компаниянын сайтын колдонуу үчүн зарыл болгон жеке маалыматтар жөнүндө маалыматтарды берүүгө;
- Жеке маалыматтар жөнүндө берилген маалыматты жаңылоо, толуктоо, эгерде бул маалымат өзгөрсө, Сайттын Администрациясына тиешелүү маалыматты жөнөтүүгө.
6.2. Сайттын администрациясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Алынган маалыматты ушул Саясаттын 4- бөлүмүндө көрсөтүлгөн максаттарда гана пайдаланууга;
- Ушул Саясаттын 5.2 пунктунда каралган учурдан сырткары, купуя маалыматтын жашыруун сакталышын, Колдонуучунун алдын ала жазуу жүзүндөгү уруксатысыз ачыкка чыкпоосун, ошондой эле Колдонуучунун берилген жеке маалыматтарын сатууну, алмашууну, жарыялоону же башка мүмкүн болгон жолдор менен ачыкка чыгарбоого;
- Колдонуучунун жеке маалыматтарынын купуялуулугун коргоо үчүн, адатта, учурдагы ишкердик операцияларда маалыматтын бул түрүн коргоо үчүн колдонулган жол-жоболорго ылайык чараларды көрүүгө;
- Колдонуучудан же анын мыйзамдуу өкүлүнөн же жеке маалымат субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан ишенимсиз жеке маалыматтар табылган учурда, же мыйзамсыз аракеттер табылган учурда текшерүү мезгилине арыз же суроо берилген учурдан тартып тиешелүү Колдонуучуга тиешелүү жеке маалыматтарды блоктоого.
7-БӨЛҮМ. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
7.1. Өз милдеттерин аткарбаган сайттын администрациясы, ушул Саясаттын 5.2. жана 7.2. пункттарда каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды мыйзамсыз пайдаланууга байланыштуу Колдонуучу тарткан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.
7.2. Жашыруун маалымат жоголгон же ачыкка чыккан учурда, Сайттын Администрациясы төмөнкү учурларда жоопкерчилик тартпайт:
- Жоголгонго же ачыкка чыкканга чейин коомдук мураска айланган;
- Сайттын Администрациясына алынганга чейин үчүнчү тараптан алынган;
- Колдонуучунун макулдугу менен ачылган.
8-БӨЛУМ. ТААЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ
8.1. Компаниянын сайтынын Колдонуучусу менен Сайттын Администрациясынын ортосундагы мамилелерден келип чыккан талаштар боюнча сотко доо коюудан мурун, милдеттүү түрдө доомат (талашты ыктыярдуу чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү сунуш) коюуу зарыл.
8.2. Доомат алуучу дооматты алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде дооматты кароонун натыйжалары жөнүндө доогерге жазуу жүзүндө билдирет.
8.3. Эгерде макулдашууга жетишилбесе, талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот органынын кароосуна жиберилет.
8.4. Ушул Саясатка жана Колдонуучу менен Сайттын Администрациясынын ортосундагы мамилелерге Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары колдонулат.
9-БӨЛУМ. БАШКА ШАРТТАР
9.1. Сайттын администрациясы Колдонуучунун макулдугусуз ушул Саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Эгерде Колдонуучу киргизилген өзгөртүүлөргө, Колдонуучунун сайттын материалдарын жана кызматтарын пайдалануу шарттарына макул болбосо, ал киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирген учурдан тартып сайтка кирүүдөн баш тартууга, сайттын материалдарын жана кызматтарын колдонууну токтотууга милдеттүү.
9.2. Жаңы Саясат, эгерде Саясаттын жаңы редакциясында башкача каралбаса, Компаниянын сайтында жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет.
9.3. Колдонуучу өзүнүн жеке маалыматтарын иштетүүдө кызыктырган суроолор боюнча ар кандай түшүндүрмөлөрдү office@tolt.kg. электрондук почтасы аркылуу сайттын Администрациясына кайрылуу аркылуу ала алат.
9.4. Сот тарабынан ушул Саясаттын кайсы бир жобосун жараксыз деп таануу - ушул Саясаттын башка жоболорунун жараксыздыгына алып келбейт.
9.5. Ушул Саясат менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коомдун ички ченемдик документтери менен жөнгө салынат.
9.6. Ушул Саясаттын кыргыз, орус жана англис тилдериндеги тексттеринин ортосунда кандайдыр бир карама-каршылыктар келип чыккан учурда, орусча редакциясы артыкчылыкка ээ болот.